27-чакырылышынын 14-сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
04.06.2018 №37 Теплоключенка айылы
Теплоключенка айыл аймагындагы Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн №1209 контурдагы 0.20га жана №1183 контурдагы 0.10га жер тилкесин жайыт категориясынан
башка категорияга которуу жөнүндө
Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Теплоключенка айыл аймагындагы Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн №1209 контурдагы 0.20га жана №1183 контурдагы 0.10га жер тилкесин жайыт категориясынан башка категорияга которууга макулдук берилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Айылдык кеңештин 2015-жылдын 21-августундагы №51 “Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн №1193, 1008, 1007 контурдагы 5.5 га жер тилкесин жайыт категориясынан башка категорияга которуу жөнүндө” токтом контурлар дал келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага Э.А. Темиров