XXVII-чакырылышынын 16-сессиясы ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 08.08.2018-ж. №54

XXVII-чакырылышынын 16-сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

08.08.2018-ж. №54                            Теплоключенка айылы

Теплоключенка айылдык аймагына караштуу

Энилчек дарыясынын жээктеринен 191.7 га жер тилкесинде

“Нурданат” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер,мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Теплоключенка айылдык аймагына караштуу Энилчек дарыясынын жээктеринен 191.7 га жер тилкесинде алтын кендерин геологиялык чалгындоо иштерин 2019-жылдын 23-мартына чейин жүргүзүгө “Нурданат” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берилсин.
  2. “Нурданат” жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин:

– жер казынасын пайдалануу токтотулгандан кийин жер участогун рекультивациялоо, жер салыгын төлөө жана башка лицензияга тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөп берүү;

– геологиялык чалгындоо иштерин аткаруудагы тиешелүү эрежелерди сактоо: 2012-жылдын 9-августу № 160 Кыргыз Республикасынын Жер казынасы жөнүндө Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө”жобосун.

  1. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Бекиев К.О.) жана бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга (Дейимкулов С.Т.) милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Э.А.Темиров


 

Поделиться с друзьями

Leave a Reply