XXVII-чакырылышынын 22-сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
11.04.2019-ж. №40 Теплоключенка айылы
Теплоключенка айыл аймагында
жаңы турак-жай курууга жер тилкелеринин аянтын белгилөө жөнүндө
Теплоключенка айылдык кеңешинин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 27-мартындагы отурумунун протоколун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Теплоключенка айыл аймагында төмөндөгү жер аянттары №971-контурдагы 47.0га; №787-контурдагы 32.0га жана №782-контурдагы 20.0га –бардыгы 99.0га трансформациялангандан кийин берилүүчү жер тилкелеринен жаңы турак-жай куруу үчүн 0.05га (5 соткадан) берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров