XXVII-чакырылышынын 22-сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
11.04.2019-ж. №42 Теплоключенка айылы
Теплоключенка айыл аймагынын ичүүчү суу түтүктөрүн реконструкциялоо
боюнча каржылоо маселесине макулдук берүү жөнүндө
Теплоключенка айылдык кеңешинин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 27-мартындагы отурумунун протоколун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Теплоключенка айыл аймагынын ичүүчү суу түтүктөрүн реконструкциялоо боюнчаЕвропа өнүктүрүү банкынын (Европейский банк развития) долбоорунун суммасы 179.0 млн сом, анын ичинен 60 пайызы грант түрүндө, 40 пайызы кредит түрүндө. Кредитке берилген акча каражатын кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров