XXVII-чакырылышынын 26-сессиясы ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 27.11.2019-ж. №62

XXVII-чакырылышынын 26-сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

27.11.2019-ж. №62                                                                             Теплоключенка айылы

 

Айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана

каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы №01-25/325 иш кагазынын негизинде айылдык кенештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 12-ноябрындагы чечимин карап,  айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
  2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Э.А.Темиров

 


Бекитилди

                                                                                                                   Теплоключенка айылдык кеңештин

                                                                                                                     2019-ж. 27.11. №62 токтому менен

 

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.
  3. Ушул жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.
  4. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
  5. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:

1) белгилүү каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо-каржылоо);

2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүркөрүү үчүн каржылоонун талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө-бүткөрүү).

  1. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.
  3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
  4. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат. Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
  5. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
  6. Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар, жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында, төмөнкүдөй тартипте пайдаланылышы мүмкүн:

1) көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгелни каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда – ушул Жободо белгиленген тартипте;

2) жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлеринин түздөн-түз, толук же жарым-жартылай каржылоосу – каражат ээси тарабынан белгиленген тартипте.

  1. Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрүн каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын, салыктарды, жыйымдарды, насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.
  2. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун көзөмөлү, мониторинги жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоосу тийиш.

 

  1. Жергиликтүү демилгени тандоо тууралуу кулактандыруу

 

  1. Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары-конкурс) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер, конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок богон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалыматт текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.

Арыз берүүчү – жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лөрү), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – конкурстун катышуучусу).

  1. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) ушул жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу үчүн документтердин тизмегин;

2) жергиликтүү маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;

3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критерийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү;

4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);

5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) почта дареги жана (же) көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрмөлөп алуу мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;

6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана элетрондук почтасынын дареги);

7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн мөөнөт;

8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) почта дареги, электродук почтасы жана\же расмий сайтынын дареги;

9) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.

  1. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.
  2. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары – комиссия.

Комиссия 5тен кем эмес кишиден турат:

– айыл өкмөт башчысынын орун басары (көрсөтүлгөн кызмат орундары жок болгон учурда –  жооптуу катчы)  – комиссиянын төрагасы;

– жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);

– айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы – комиссиянын катчысы;

– жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын өздүк курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) жетекчисинин чечими менен бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок босо – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылат.

  1. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
  2. Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо – отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.

Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.

  1. Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 3\2 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт.
  2. Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет. Комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калганда, комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
  3. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
  4. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.
  5. Комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) расмий сайтына жарыяланат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.
  6. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышышат.

 

  1. 4. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер жана аларды берүүнүн тартиби
  2. 26. Конкурска катышуу үчүн анын катышуучулары конкурстук билдирме берүүлөрү керек:

1) Ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык форма боюнча арыз;

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);

3) сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) жана бюджет.

  1. Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн:

1) кагаз жүзүндө, чапталган конвертте – жеке өзү, же болбосо почта менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө);

2) PDF форматында көчүрмөлөнгөн түрдө – электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) расмий сайты аркылуу жиберилет.

  1. Конкурска берилүүчү сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) аталышы, максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы, сунуштардын натыйжалуу жана\же жаңычыл идеялары, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары);

2) аларды аткаруунун мөөнөттөрүн кошуп алганда, жергиликтүү демилге боюнча иш-чаралардын планы;

3) жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.

  1. Сунушка (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасына) кат-милдеттенме, жүргүзүлгөн чыгымдарды, конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка документтер, ал эми зарыл болгондо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн өнүмдөрдү, натыйжаларды жана объекттерди эксплуатациялоонун жана мындан ары башкаруунун планы тиркелет.
  2. Жергиликтүү демилгенин бюджети ушул жобого карата 4-тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди;

2) суралган каржылоонун өлчөмүн;

3) өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланыла турган каржылык каражаттар, транспорт, орун жай жана башка мүлктөр, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткарылуучу жумуштар ж. б.).

  1. Конкурстук билдирмелер үчүн формалар (арыз, сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы), жергиликтүү демилгенин бюджети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) расмий сайтына жайгаштырылат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча берилет.
  2. Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизмек боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн).
  3. Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.

34.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) берилген конкурстук билдирмелерди конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналына каттайт. Конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналы кагаз жүзүндө жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;

2) конкурстук билдирмелердин катталган номерин;

3) конкурстун катышуучусунун фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн);

4) конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;

5) жергиликтүү демилгенин аталышын;

6) конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмегин.

  1. 5. Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү
  2. Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:

1) конкурстук билдирмелер болбогондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;

2) баардык конкурстук билдирмелер конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.

  1. Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү), конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) жаңы конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.
  2. 6. Долбоордук сунуштарды баалоо
  3. Конкурстук билдирмелерди баалоонун критерийлери, ушул жобого карата 5-тиркемеге ылайык форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.
  4. Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.
  5. Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт.

Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:

1) жергиликтүү демилге жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;

2) жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;

3) арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;

4) жергиликтүү демилгени каржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).

Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критерийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.

Баардык критерийлер боюнча биринчи этапта оң баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына коё берилет.

  1. Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) комиссия мүчөсү ар бир конкустук билдирмени окуп-үйрөнөт;

2) конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча баллдарды коюшат;

3) комиссия мүчөсү тарабынан баардык критерийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган баллдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);

4) ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондон алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;

5) конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтингдик тизмеге киргизилет;

6) эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тең сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу үчүн баардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ыраатттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда, ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орунду аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак өткөрүлөт;

7) комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылат.

  1. Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

 

  1. 7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу
  2. Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны, жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.
  3. Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими, комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) тескемеси жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси, тескеме чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, конкурстун жеңүүчүлөрүнүн атын жана аталышын, алар алган баллдарды көрсөтүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) расмий сайтына, ал эми ал жок болгон учурда – маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.

 

  1. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары – жергиликтүү демилгенин аткаруучусу) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтү) жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – макулдашуу) түзөт.
  3. Конкурстук билдирменин негизинде макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашырууга техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырмага жергиликтүү демилгенин аткаруучусунун макулдугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.
  4. Макулдашуу ушул жобого карата 6-тиркемеде формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун негизинде түзүлөт.
  5. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтүү демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтүү демилгенин аткаруучусу тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашыралат.
  6. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо
  7. Жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт.
  8. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтүү демилгенин аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) төмөнкүлөрдү берет:

– өздүк салымынын жана тартылган каражаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мүлк жана аткарылган жумуштар ж. б.);

– отчетко тиркелет: жергиликтүү демилгенин аткаруучусунун  өздүк кошо-каржылоо каражаттарын жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.

Отчеттор ушул жобого карата 7-тиркемеде каралган форма боюнча берилет.

  1. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берген учурда, бул объекттерди кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы(айыл өкмөтү) тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) төмөнкү предметке жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат:

– жергиликтүү демилгенин аткаруучусунун макулдашуунун шарттарын аткаруусунун;

– сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө жетишилген аралыктык жетишкендиктерди жана жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аяккы натыйжаларын.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы натыйжаларынын мониторинги жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнү талкуулоо жана жергиликтүү демилгенин аткаруучусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

  1. Жергиликтүү демилгенин аткаруучусу макулдашуунун шарттарын аткарбаган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл өкмөтү) макулдашууну бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.

1-тиркеме

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого конкурс жөнүндө

КУЛАКТАНДЫРУУ

 

  1. Кулактандыруу датасы: “__” ______________ 20__-жылгода

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы______________________

 

  1. Каржылоонун максималдуу суммасы ________________________________ сомов.

 

  1. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү:_____________________________

 

  1. Конкурска катышуу үчүн конкурстук билдирмени берүү үчүн зарыл документтер:

_________________________________________________________________________

 

  1. Жергиликтүү демилге боюнча конкурстук билдирмелерди баалоо критерийлери:

________________________________________________________________________


2-тиркеме

Жергиликтүү демилге боюнча конкурска катышууга

АРЫЗ

Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар
1 Жергиликтүү демилгенин аталышы
2 Конкурстун катышуучусунун фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы
3 Конкурстун катышуучусунун – жеке адамдын дареги, конкурстун катышуучусунун – юридикалык жактын юридикалык дареги
4 Конкурстун катышуучусунун, конкурстун катышуучусунун жетекчисинин – юридикалык жактын телефон/факс номери
5 Конкурстун катышуучусунун электрондук почтасынын дареги (эгерде болсо)

Тиркемелер:

1) ________________________________

2) ________________________________

3) ________________________________

 

Конкурстун катышуучусу

 

________________________
колу

3-тиркеме

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ БОЮНЧА СУНУШ

 

Конкурстун катышуучусунун атылышы:_____________________________________

Жергиликтүү демилгенин аталышы: _________________________________________

 

Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар

Конкурстун катышуучусу ушул жергиликтүү демилгени аткаруу үчүн кандай ресурстарга ээ (каржылык, эмгектик, техникалык, маалыматтык ж. б.) _________________________________________________________________________

 

Сунушталган жергиликтүү демилге

Жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы: _____________________________________

Жергиликтүү демилгени максаттары: ________________________________________

(долбордун максатын так жана кыска аныктоо)

Жергиликтүү демилгенин милдеттери: _______________________________________

(жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкагында кандай милдеттер коюулат жана алар кадай чечилет, саналат)_________________________________________________________

 

Долбоордун максаттуу тобу(3):

 

Аймактык камтууну кошуп алганда, максаттуу топтун сыпаттамасы Долбоор ишке ашырылуучу аймакта жашаган максатту топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча) Долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган максаттуу топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча)
 

 

 

   
 

 

 

   

 

Күтүлгөн натыйжалар:

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

(жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжаларынын сыпаттамамалоо, сандык көрсөткүчтөрдү саноо, долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган топ үчүн күтүлгөн натыйжаларды конкреттештирүү (жынысы, жаш-курагы б/ча ж.б. долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча)

 

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИ ИШКЕ АШЫРУУ ПЛАНЫ

1-Милдет:(1-милдеттин туюнтмасын кайталоо)

 

Ишке ашыруу мөөнөтү Иш-чаралар/иш-аракеттер Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) Күтүлгөн натыйжалар Бышыктоочу документтер
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы)
(Мисалы: ишке ашыруунун 4-айы)

 

2-Милдет 2:(2-милдеттин туюнтмасын кайталоо)

Ишке ашыруу мөөнөтү Иш-чаралар/иш-аракеттер Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) Күтүлгөн натыйжалар Бышыктоочу документтер
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы)
(Мисалы: ишке ашыруунун 5-айы)

 

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 20__-жылдын __________  тартып 20__-жылдын _________ чейин.


4-тиркеме

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИН БЮДЖЕТИ
________________________________________
(жергиликтүү демилгенин аталышы)

 

Чыгымдар статьясы Наркы Статьянын жалпы наркы Уюмдун өздүк салымы, тартылган каражаттар Эскертүү
1 Чыгымдар
1-Милдет
1 Иш-чара
Статья
Статья
2 Иш-чара
Статья
Статья
1-милдет боюнча баары:
 

2-Милдет

2 Иш-чара
Статья
Статья
2-милдет боюнча баары:
Баары:
 

ЖЫЙЫНТЫГЫ:

 

Конкурстун катышуучусу же катышуучу-юридикалык жактын жетекчиси

 

 

 

_______________________
(колу)

 

 

 

______________________________
(Ф.А.А-а)


5-тиркеме

Баалоо баракчасы

 

Жергиликтүү демилгенин аталышы: ________________________________________

_________________________________________________________________________

 

Баалоо критерийлери Баллдар

(1ден 5ке чейин)

1 Жергиликтүү жамааттын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн сунушталган жергиликтүү демилгенин маанилүүлүгү
2 Жергиликтүү демилгени ишке ашырууда жарандардын жергиликтүү жамааттын жашоосуна катышуу деңгээли
3 Жергиликтүү демилгенин турумдуулугу
4 Бюджеттин чыгымдарынын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги
5 Өздүк салымдын көлөмү жана (же) кошумча тартылуучу каражаттардын өлчөмү
7 Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жаңычыл ыкмаларынын болгону
8 Жергиликтүү демилге калктын корголбогон катмарларынын –балдардын, аялдардын, карылардын, ДМЧА – чечүүгө багытталган
9 Долбоорду\жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан оң натыйжаларды алуучу долбоордун максаттуу тобунун өкүлдөрүнүн (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн) саны

6-тиркеме

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө

МАКУЛДАШУУ
______________________________________________
(аталышы)

“___” ____20__-ж. а/аймак __________________

 

________________________________________________________________________

(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)

(мындан ары – айыл өкмөтү) атынан чыгуучу ____________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын Ф. А. А-а.), ___________________________негизинде аракеттенүүчү, бир тарабынан, жана ____________________________________________ (жеке адам – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун же юридикалык жак: жергиликтүү демилгенин аткаруучусу-уюмдун аталышы) (мындан ары-жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) атынан чыгуучу ___________________________________ (уюмдун жеткечисинин Ф.А.А-а. – юридикалк жактар үчүн),____________________________ негизинде аракеттенүүчү, экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:

 

  1. Макулдашуунун предмети

1.1. ____________________ айыл өкмөтү(____________________________________) сом өлчөмүндө жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылайт, ал эми жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашууда бекемделген Техникалык максаттарга, шарттарга ылайык жана тартипте каралган милдеттенмелерди аткарууга милдеттенет.

1.2. Акча каражаттарын максаттуу пайдалануу деп жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо үчүн берилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын (жана башка каражаттарды _______________________________________________________________                                                             (конкурстун аталышы)

ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, бюджеттин чыгымдар ст.ылайык пайдалануу эсептелет.

1.3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөонөтү:

Башталышы:  “___” ____________ 20__-жыл;  аякталышы: “___” ____________ 20__-жыл.

 

  1. Каржылоонун максаттары

2.1. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:  ______________________________________________________________________

2.2. Каржылоонун максаттарынын кеңири сыпаттамасы ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган. Техникалык тапшырмада берилет.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери

3.1. Айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттенет:

– жергиликтүү демилгени ишке ашырууну ушул Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып (________________) календардык күндүн ичинде каржылоого;

– зарыл болгон учурда, жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн каралган каражаттарга сатып алынган мүлктү, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна, же муниципалдык менчикте турган жана жергиликтүү демилгени аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актсынын негизинде Аткаруучунун убактылуу пайцдалануусуна өткөрүп берүүгө.

3.2. Айыл өкмөтү жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы жүрүшүн көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө укугу бар.

3.3. Айыл өкмөтү ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу жергиликтүү демилгени Аткаруучунун иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу мүлктүн максаттуу пайдаланылуусун жана Макулдашуунун талаптагыдай аткарылуусун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган иш-чаралар жергиликтүү демилгенин Аткаруучусун ишине кийлигишкендик деп эсептелбейт.

3.4. Айыл өкмөтү жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунан ушул Макулдашууда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган каржылык жана статистикалык отчеттуулукту же башка маалыматтарды талап кылууга укуксуз.

  1. Жергиликтүү демилгени Аткаруучунун укуктары жана милдеттери

4.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу айыл өкмөтүнөн алынган мүлктү ушул Макулдашууда аныкталган гана максаттарга пайдаланууга жана техникалык тапшырмада каралган милдеттенмелерди толук көлөмдө жана ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттенет.

  1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу, өзүнүн көз карашы боюнча техникалык тапшырмада каралаган милдеттенмелерди аткарууга карата үчүнчү жактарды (жеке жана юридикалык) тартууга укуктуу.
  2. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжаларын көзөмөлдөөнү жана баалоону жүзөгө ашыруу үчүн, анын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды уюштурууга милдеттенет.
  3. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашуунун негизинде алган мүлктүн эсебин, өзү ээлик кылган жана пайдаланган башка мүлктөн өзүнчө жүргүзөт.
  4. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Сакулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан убактылуу пайдаланууга алган мүлктү кайтарып берүүгө милдеттенет.
  5. Отчеттуулук жана көзөмөл

5.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу айыл өкмөтүнө төмөнкү отчетторду берүүгө милдеттенет:

– жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү учурдагы (аралыктык) отчеттор _____________________________________берилет (мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт) (эгер колдонулса);

– жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жыйынтык отчет 20___-ж. “___“ _______________ кечиктирилбестен берилет.

5.2. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө учурдагы жана жыйынтык отчеттодо ошондой эле жеригиктүү демилгени ишке ашыруу үчүн алынган мүлктү пайдалануунун натыйжалары чагылдырылышы керек.

5.3. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тешеси бар отчеттор, каржылык жана башка документтер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жиберилет.

5.4. Каржылоочу тарап жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө отчеттордун жактырылганы тууралуу жергиликтүү демилгенин Аткаруучусун жазуу жүзүндө кабарландырат.

 

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

6.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн утурлама милдеттенмелеринен баш тартууга жана ушул Макулдашууну бузууну жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунан ага өткөрүлүп бериген мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

  1. Макулдашууну бузуу

7.1. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотот:

1) тараптардын макулдашуулары боюнча;

2) соттун чечими боюнча.

7.2. Ушул Макулдашуунун колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу берилген мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына _______ күндүн ичинде кайра кайтарып берет.

  1. Макулдашууну өзгөртүү (толуктоо)

8.1. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууну өзгөртүүгө жана толуктоого жол берилет, ал жазуу жүзүндө жол-жоболонушу керек.

  1. Кошумча шарттар

________________________________________________________________________

 

  1. Талаш-тартыштарды чечүү

10.1. Ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда, тараптар аларды өз ара сүйлөшүү жолу менен чечүүгө карата бардык чараларды көрүшөт.

 

10.2. Ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон учурда, тараптар аларды сот тартибинде чечишет.

 

  1. Корутунду жоболор

11.1.Ушул Макулдашуу тараптар кол коюшкан учурдан тартып күчүнө кирет жана 20__-ж. “___” ___ чейин колдонулат.

11.2. Ушул Макулдашуу ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлгөн.

11.3. Төмөнкү тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат:

1) Техникалык тапшырма – сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы);

2) Жергиликтүү демилгенин бюджети;

3) Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу боюнча отчеттун формасы.

 

  1. Тараптардын колдору жана дайын-даректери
_________________________________

(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)

__________________________________

(Ф.А.А-а. же жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун аталышы)

 

Дареги: ________________________________ Дареги: ________________________________
Банктык дайын-даректер:

Банк: ___________________________

Б/эсеп: __________________________

БИК: ___________________________

Жетекчи: __________________________

__________________________(колу)

 

Банктык дайын-даректер:

Банк: ___________________________

Б/эсеп: _________________________

БИК: __________________________

Ф.А.А-а. же Жетекчи: _________________________

_________________________     (колу)


7-тиркеме

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө ОТЧЕТ

 

 Жергиликтүү демилгени ишке ашыруучунун – Ф.А.А-а. же уюмдун аталышы
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана байланыш маалыматтары
Жергиликтүү демилгенин аталышы
Отчеттук мезгил  ___________ тартып _________________чейин
Отчеттун тиби Аралыктык            Финалдык

 

Иш-чаралар жана аткарылган жумуштар:

1-Милдет

1-Иш-чара

Датасы ___________________________

Аталышы _______________________

Натыйжалары __________________________________________________________________

Катышуучулардын саны жана сыпаттамасы (кайсы максаттуу топтор катышты, катышуучулардын тизмелери)

2-Иш-чара

Датасы ___________________________

Аталышы _______________________

Натыйжалары __________________________________________________________________________

Катышуучуларды саны жана сыпаттамасы ((кайсы максаттуу топтор катышты) (катышуучулардын тизмелерин тиркегиле)

2-Милдет

2-Иш-чара

Датасы ___________________________

Аталышы _______________________

Натыйжалары _________________________________________________________________________

Катышуучулардын саны жана сыпаттамасы (кайсы максаттуу топтор катышты, катышуучулардын тизмелери)

 

Жергиликтүү демилгенин жеткен максаттарын жана милдеттерин талдоо

 

Максаттардын жана милдеттердин сыпаттамасы Ага ылайык максаттарга жана милдеттерге жетишүү деңгээли өлчөнгөн индикатор Паландаштырылган натыйжанын сандык көрүнүшү Максаттарга жана милдеттерге жетүүдөн иш жүзүндө алынган натыйжа
Долбоордун максаты
(Туюнтманы кайталоо)
1-Милдет:
(1-милдеттин туюнтмасын кайталоо)
2-Милдет:
(2-милдеттин туюнтмасын кайталоо)

 

Максаттуу топ (топтор) үчүн күтүлгөн натыйжаларга жетүү: 

 

Долбоорду ишке ашыруу алкактарында камтылган максаттуу топтун (топтордун) өкүлдөрүнүн саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча)
Долбоор максаттуу топтун (топтордун) абалына кандайча таасирин тийгизди?
Максаттуу топ (топтор) үчүн күтүлгөн натыйжалар толук жетишилгенби?

Эгер жок болсо, анда кандай себептер боюнча?

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө комментарийлер

 

Көйгөйлөр жана кыйынчылыктар
Тыянактар жана сунуштамалар
Ийгиликтин таржымалы
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүн  ЖМК чагылдыруу Дата выхода материала

Название СМИ

Название материала

Приложите ксерокопию или оригинал материала

 

Уюмдун жетекчиси

 

__________________________________________________________
(колу, Ф.А.А-а.)

М.О.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө

 ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ

 

Чыгымдар статьясы Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун өздүк салымы, тартылган каражаттар Эскертүүлөр
чыгымдар
1-Милдет
1-Иш-чара
Статья
Статья
2-Иш-чара
Статья
Статья
1-милдет боюнча баардыгы:
2-Милдет
2-Иш-чара
Статья
Статья
2-милдет боюнча баардыгы:
Баардыгы:
ЖЫЙЫНТЫГЫ:

 

Жергиликттүү демилгенин Аткаруучусу __________________________________________________________
(колу, Ф.А.А-а.)

М.О.

 

Эскертүү:

(1) Катышуучу _________дан (минималдуу) ________чейин максималдуу) жыйынтык балл ала алат.

(2) Анын кызыкчылыгында иштер жүзөгө ашырылуучу максаттуу топтун саны жана мүнөздөмөсү (жынысы, жаш-курагы жана башка социалдык көрсөткүчтөр), долбоордун камтыган аймагы: айыл, шаар, район, облус, республика.

(3) Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу планында, иш чаралардын катышуучуларын жана алардын санын көрсөтүү менен, хронологиялык тартипте ар бир коюлган милдет боюнча иш-чараларды кеңири сыпаттамалоо зарыл. Күтүлгөн натыйжаларды жеңил өлчөөгө жана баалоого боло турган индикаторлорду пайдалануу, өткөрүлгөн иш-чараларды жана анын натыйжаларын бышыктоочу документтерди көрсөтүү керек.

(4) Конкурстун шарттары боюнча жергиликтүү демилгенин Ишке ашыруучусунун өздүк салымы талап кылынган учурларда.

(5) Келтирилген формат боюнча конкурстук билдирмеге ылайык өткөрүлгөн бардык иш-чараларды саноо.

(6) Мындан ары ар бир милдет жана ар бир иш-чара боюнча ушуга окшош.

Поделиться с друзьями

Leave a Reply