XXVII-чакырылышынын 26-сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
27.11.2019-ж. №64 Теплоключенка айылы
Пост ГАИ имаратын айыл өкмөтүнүн балансынан
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №20/9-7-314 иш кайрылуусунун негизинде Айылдык кенештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун чечимин карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 10-11-беренелеринин негизинде пост ГАИ имараты айыл өкмөтүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров