Айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 25-июнундагы отурумунун чечимин талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Теплоключенка айыл аймагындагы Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларын тазалоочу жайды куруу үчүн айылдык кеңештин 2018-жылдын 19-ноябрындагы №73 токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн: №1209-контурдагы 0.20га, №1190-контурда 0.10га жана №11-контурда 0.50га, бардыгы 0.80га.
- Айыл чарба категориясындагы контур №1209 жана контур №1190 “жайыт” жана контур №11 “кайрак айдоо” жерди “өңөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров