Теплоключенка айылдык кеңешинин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 25-июнундагы отурумунун протоколун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Теплоключенка айыл аймагынын Башкы мерчеминде (Генпланда) №598-контурдагы жер тилкесине май куйуучу бекетин курууга макулдук берилсин.
- Айылдык кеңештин 2019-жылдын 11-апрелиндеги №41 “Теплоключенка айыл аймагында курула турчу “Петролиум” май куйуучу бекетин курууга макулдук берүу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров