XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
19.11.2018-ж. №75 Теплоключенка айылы
Айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 22-пунктуна ылайык айылдык аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
- Айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөндөгү курамында бекитилсин:
– Бекиев К.О. – а/к депутаты, жер комиссиянын төрагасы;
– Джумабаева Б.Р. – жооптуу катчы, жер комиссиянын катчысы;
мүчөлөрү:
– Кобонбаев Т.Ш. – айыл өкмөтүнүн башчысы;
– Сакиев А.Г. – жер маселелер боюнча башкы адис;
– Жапарова М.Т. – башкы адис-юрист;
– Мамбетов Д.А. – а/к депутаты;
– Балбаев А.У. – а/к депутаты;
– Карымшаков Ж.И. – а/к депутаты;
– Токтосунов К.Д. – райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгын өкүлү.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Э.А.Темиров