XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
20.07.2018-ж. №49 Теплоключенка айылы
“Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба” мамлекеттик ишканасын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги №179 “Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба” мамлекеттик ишканасын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ак-Суу ТЖКЧны муниципалдык менчикке кабыл-алуу актысын карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба” (Ак-Суу ТЖКЧ) мамлекеттик ишканасы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берилсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.К.Садыровага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Э.А.Темиров